Биз менен байланышыңыз

Саясий кырдаал туризмге терс таасирин тийгизет

Коом | 4 Июл 2019 | 710 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан тарта тарапташтары элдик штаб түзүп, бийликке нааразычылык акцияларын өткөрүүдө. Акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Ысык-Көлдүн эли кайрылуу жасап, жарандык активисттерди чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Облуста жайкы туризм 15 күндөн бери жандана баштады. Күңгөйдөгү пансионаттар алдын ала толуп, тескейдеги жайлоолор мейман күтүп жаткан маалы. Мындан улам, чет элдиктерди тосуп жаткан жеке ишкер Мукамбет Турумтаев коомчулукта тынчтык болуусун каалап, жаштарды чагымчылдыктан алыс болууга чакырды.

— Ушул тапта биз туризмди өнүктүрөбүз деп жатабыз. Ал үчүн биринчи кезекте коомдо тынччылык, стабилдүүлүк, эл бейпил болушу керек. Айрыкча, ушундай мезгилде нааразычылык акцияларын, ар кандай жүрүштөрдү уюштуруунун кажети жок. Бул элдин турмушуна да терс таасирин тийгизип жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, кылмыш ишин козгоо ыктымалы айтылгандан бери тарапташтары нааразычылык акцияларын уюштурууда. «Жарандык активисттердин мындай кадамынан пайдалангандар чагымчылдыкка жол берип, кайрадан кан төгүлүүсүн каалабайбыз», — деди облус тургуну Бактыгүл Бакасова.

— Мен эне катары суранат элем. Айланайын, балдарым, кыздарым, баарыӊарды тынччылыкка үндөйм! Азыр ызы-чуунун эмне кереги бар? Ансыз деле 28 жылдан бери өз алдыбызча жашап келе жатабыз, жашай да беребиз. Башыбыздан эки жолу төӊкөрүш өттү, кан төгүлдү. Андыктан, жаштарыбыз, ата-энелер кайрадан кыйналуусун каалабайбыз. Эл үчүнчү революцияны көтөрө албайт.

«Эл өз тиричилигин өзү өткөрүп жатат», — деген пикирге Тоӊ районундагы жеке ишкер Бекболот Шапиев да кошулат. Анткени, жайкы эс алуу мезгилине карата ишкерлер туристтердин агымын күтүп киреше табышат.

— Азыр жай саратан болуп калды. Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда эко жана этнотуризм эми гана жанданып келе жатат. Мейли, Кыргызстан демократиялык өлкө, саясий кырдаалдарга карата сөз эркиндиги болсун. Бирок чагымчылдыкка алдыруунун кажети жок.

Ушу тапта Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуучулар Казакстан, Орусия, Ѳзбекстандан келген жана жергиликтүү меймандарды түзөт. Ал эми Америка, Европа, Азия континентинде жашагандарды тоо туризми күтүп турат. «Эгер саясий кырдаалдарга байланыштуу митингдер улана берсе, чет элдиктер келбей да коюшу мүмкүн», — дейт Туризм департаментинин мурдагы башчысы Максат Чакиев.

— Буга чейин Кыргызстанда 2005-2010-жылы төӊкөрүштөр өттү. Ар бир адам өз коопсуздугун тобокелге салып, атышуу, кан төгүү, митинг, пикет болуп жаткан жерге барбайт. Ушул эле жылдык көрсөткүчтү алганда, өлкөгө келе турган коноктордун саны бир кыйла азайган. Мына азыр деле оппозиция же башка күчтөр болобу, тынчтык жолу менен нааразычылык акцияларын уюштуруп жатышат. Бул аракет туризмге терс таасирин тийгизет. Жыл аягына чейин кандай болорун статистика көргөзөт.

Copyright © 2017 Maral FM