Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда Кыргызстандын соода кеңсеси ачылды

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 969 | 0

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында кыргыз соода кеңсеси ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.

Соода кеңсе эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин демилгеси, корей ишкер Ким Жан Вондун колдоосу астында ачылган.

Соода кеңсенин ачылышына барган кыргыз элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореяда Кыргызстандын өндүрүмүн сатууга кызыккан компаниялар көбөйө баштаганын, жакынкы убактарда Кыргыз өлкөсүнүн өндүрүмдөрү Түштүк Кореянын ири соода борборлоруна, базарына чыгарын маалымдады.

Сеул шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан соода кеңсесинде Кыргыз өлкөсүнүн органикалык азык-түлүк, буюм-тайымдары коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM