Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Катар кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 389 | 0

Бүгүн, 3-июлда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Катар өлкөсүнүн Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдалла Ахмад Аль Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.

Жолугушууда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүп, кыргыз-катар кызматташтык маселесин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM