Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын дзюдочулары Жапонияда машыгуу жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 417 | 0

Жапониянын Токио шаарында өтө турган дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатына спортчуларды даярдоо максатында Кыргызстандын дзюдо боюнча командасынын машыгуу жыйынын Хамура шаарында өткөрүү маселеси иштелип жатат. Бул маалыматты Жапониянын Хамура шаарынын мэри Шин Намики билдирди.

Шин Намики мындан сырткары, жапон-кыргыз аймактык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн жана билим берүү жаатында да кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-июлда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жапониянын Хамура шаарынын мэри Шин Намики жетектеген жапон делегациясын кабыл алып, анда эки өлкөнүн аймактарынын кызматташуусун өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Өз кезегинде министр Айдарбеков Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана спорттук кызматташтыкты бекемдөө боюнча айкын чараларды көрүп жаткан Хамура шаарынын мэриясынын администрациясына ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM