Биз менен байланышыңыз

Тоӊдо эки жаран көлгө чөгүп каза болду

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 423 | 0

Бүгүн, 3-июлда Ысык-Көл облусунун тескейиндеги «Аалам Ордо» комплексинин аймагынан 2 жаран көлгө чөгүп каза болду. Бул боюнча маалыматты Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Тынарбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, окуя 13:00 чамасында катталып, райондук Тез жардам кызматы ѲКМдин өрт-куткаруу бөлүгүнө 14:26да кабарлаган.

Кырсык болгон жерге Бөкөнбаев айылынын №38 куткаруу кызматынан 4 суучул жөнөтүлгөн. Алар окуя болгон жерге жете электе эле, эки жигиттин сөөгүн толкун жээкке сүрүп чыгарган.

«Сууга чөккөндөрдүн бири — Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну, экинчиси, Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылынын 1998-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Алар Кажы-Сай айылына курулушка иштегени келишип, эл барбаган жерге сууга түшүп жаткан маалда бири көлгө чөгүп кеткен. Ал эми экинчиси куткарууга барып кошо чөккөн», — деди Мурашев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM