Биз менен байланышыңыз

Норвегия менен Кыргызстан биргелешкен иш-чараларды өткөрөт

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 490 | 0

Бүгүн, 1-июлда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Норвегия Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Оле Йохан Бёрнойду кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти кабарлады.

Жолугушууда Чыңгыз Айдарбековдун ушул жылдын январь айында Норвегияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары талкууланды. Ошондой эле, дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визаны жокко чыгаруу жана Реадмиссия боюнча Макулдашуулардын долбоорлору финалдык баскычка чыккандыгын тараптар канааттануу менен белгилешти. Муну менен катар, ушул жылы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө сапаттуу кадам катары каралып жаткан биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Министр өз сөзүндө радиациялык коопсуздукту бекемдөө боюнча тажрыйба алмашуу максатында консультацияларды өткөрүү сунушун эске салып, Борбордук Азиядагы уран калдык сактагычтарынын көйгөйүн чечүүгө катышып жатканы үчүн Норвегия Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Ал эми элчи Бёрной эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалап, Норвегия тарап мындан ары да өз ара тыгыз аракеттенүүгө даяр экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM