Биз менен байланышыңыз

Ошто жер титиреди

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 556 | 0

Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 30-июнда, эртең мененки саат 8:57де болгон.

Жер титирөөнүн очогу Кен-Жылга айылынан жети чакырым алыстыктагы аймакта катталып, андагы күчү 3.5 баллга чейин жеткен.

Ошондой эле, силкинүүнүн күчү Тогуз-Булак, Арпа-Тектир, Кен-Жылга айылдарында 3,5 балл, Ош шаарынын айланасындагы Гүлчө, Кара-Шоро, Кабылан-Көл, Жаңы-Турмуш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркоолор жана кыйроолор тууралуу маалыматтар бериле элек.

Copyright © 2017 Maral FM