Connect with us

ЖККУга мүчө мамлекеттер терроризмдин алдын алат

Коом | 27 Июн 2019 | 1000 | 0

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамындагы мамлекеттер 2002-жылдан бери тыгыз байланышта иш алып барып келет. Бул жолу ЖККУга мүчө мамлекеттердин кезектеги жыйыны Бишкек шаарында өтүп, анда 10 маселени талкуулашты.

— Азыр көчөдө ар ким өз каалаганындай жүрүп калды. Мисалы, азыр ким кайсы багытка басым жасап жатканын эч ким көзөмөлдөбөйт.

— Кыргызстанда терроризмге жол жок деп айтып, канчалык профилактикалык иш алып барганыбыз менен күн сайын кырсык-кылмыш, өлүм-житим көбөйдү. Бири жол кырсыгынан каза тапса, бири ооруканадан көз жумууда. Албетте, бул деген — терроризм.

— Биздин мамлекетте демократияга жол берилген. Азыр кайсы жаран болбосун, өзүн эркин алып жүрөт. Улуу муундагы жана үй-бүлөлүү адамдар калыптанып калды. Ѳсүп келе жаткан жаштардан корком.

Диний экстремизм, терроризм, радикализмдин терс адат экенин коомчулукка канчалык түшүндүргөн менен, аягы тыйылбай, тескерисинче күндөн-күнгө күч алып баратканына жергиликтүү тургундар кабатыр. Айрыкча, алар акыркы жылдардагы террордук кылмыштардын саны өсүп, анын кесепетинен нечендеген адамдардын өмүрү кыйылып жатканына тынчсызданышат. Мындай жагдайлардан улам, элди толеранттуулукка чакырып, диний көз карашты бир нукка бурууга убакыт келгендигин шаар активисттери билдирди.

— Азыр бизде бир гана Ислам дини бар, а бирок ар ким ар башка агымды карманышат. Мындан улам, динге болгон түшүнүк ар кандай нукка бурулуп, экстремисттик уюмдардын тузагы болуп жатат. Алдын алуу үчүн билим берүү мекемелерине дин саатын киргизүү керек.

— Кыргызстанда кайсы улут же уруу болбосун, аны диний жактан бөлүп-жарган туура эмес. Экстремисттик-террордук кылмыштуулуктун алдын алууда балага берген ата-эненин тарбиясы да мааниге ээ.

Мамлекеттин ичинде террордук актылар катталбаганы менен, көптөгөн жаштар тыюу салынган топторго кошулуп, Сирияга кетип жатышат. Алардын айрымдары алдамчылардын тузагына илинсе, көпчүлүгү акчага азгырылып кетүүдө. Мындай пикирин Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунунун Коопсуздук Кеңешинин Кыргызстандагы катчысы Дамир Сагынбаев билдирип, уюмга мүчө мамлекеттердин катчыларына бир катар маселелерди сунуштаганын айтат.

— Күн тартибинде жамааттык коопсуздуктун абалы жана негизги коркунучтар, эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы кошумча чаралар боюнча маселелерди киргиздик. Мындан тышкары, тажик-ооган чек арасындагы абалды жана Бириккен Улуттар Уюмунун терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруунун жолдорун да карап жатабыз. Бул багытта күч түзүмдөрүнүн экономикалык, техникалык абалын жакшыртуу аркылуу кызматташып, маалыматты камсыздоого басым жасалат.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттер 2019-2020-жылдары аткара турган стратегиялык иш мерчемге 10 маселени киргизди. Анын негизги өзөгүн Тажик-Ооган чек арасын бекемдөө түзөрүн Уюмдун Башкы катчылыгынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков билдирди.

— Бул бир жыл аралыгында иштей турган 10 мерчемди бекитип алдык. Анын алкагында Ооган-Тажик чек арасын бекемдөөгө багытталган кошумча тизмелерин аныктап буга чейинки жетишкендик жана курчуган маселени эске алуу керек. Андан ары Борбордук Азия мамлекеттерине да стабилдүүлүк жана коопсуздук орноп эффективдүүлүк байкалат.

Белгилей кетсек, 6 мамлекетти камтыган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму 1992 жылы негизделип, 2002-жылдан тарта кызматташтык күчүнө кирген.

Copyright © 2017 Maral FM