Биз менен байланышыңыз

Жунус уулу: Атамбаевди таштары эмес, тазалыгы сактайт

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Июн 2019 | 612 | 0

Атамбаевди үйүн айланта курчап алган адамдары да, тосмо бетондору да, төгүп алган таштары да сактай албайт. Аны өзүнүн тазалыгы гана сакташы мүмкүн. Тазамын деп жатабы? Анда сотторго барып далилдесин. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Депутаттардын «чимкирик» деген сөзүнө арданып жатканы эмес, эң чоң айыптоо бийликти узурпациялоосу болуп жатат. Дагы башка мыйзам бузуулары бар. Албетте, жакшы иштери да бар, аны такыр эле жаман деп жатканыбыз жок. Бирок, «көрбөй калыптырмын, билбей калыптырмын» деген сөздү айтпашы керек. Себеби, ал киши бийликтин эң башында турган жана өзүнүн командасы менен иш алып барган», — деди Жунус уулу.

Анын айтымында, бул окуя келечектеги президенттерге жакшы сабак болду. КМШ өлкөлөрүнүн арасында мурунку президентке иштин козголушу демократия жолундагы жакшы көрсөткүч.

Copyright © 2017 Maral FM