Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Терроризм менен күрөшүүдө коллективдүү жол менен гана жыйынтыкка жетишүүгө болот

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 471 | 0

Терроризм менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарга коллективдүү жол менен гана жетишүүгө болот. Бул максатта аскердик-саясий, финансылык жана идеологиялык тармактардагы узак мөөнөттүү кызматташтык керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчылары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Президент баса белгилегендей, өлкөлөр өз жарандарынын ар кандай террористтик жана экстремисттик топторго катышуусун билип жатышат. Мамлекетке каршы максаттары менен алар мурда жашаган жерлерге кайтып келип, коркунуч жаратууда.

«Согушчандардын башчылары өздөрү түзгөн топтордун потенциалын сактап калуу аракетинде кайрадан топторду түзүшүп, өз күчтөрүн ЖККУнун тышкы аймактары менен чектешкен өлкөлөргө жөнөтүп жатышат. Биринчи кезекте — бул, Ооганстан. Бүгүн Ооганстан аймактагы абалды чайпалтуу үчүн деструктивдүү күчтөрдүн таянар негизи болуп эсептелет», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Буга байланыштуу тажик-ооган чек арасын бекемдөө боюнча документтерди ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Жолугушууга Кыргызстандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Орусиянын,  Тажикстандын Коопсуздук Кеңешинин катчылары жана ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышты.

Copyright © 2017 Maral FM