Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Экөө элдешпесе да, кайым айтышуусун токтотушу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Июн 2019 | 562 | 0

Атамбаев менен Жээнбеков элдешеби, жокпу өздөрү билсин, бирок кайым айтышуусун токтотушу керек. Мындай пикирин мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эки президенттин чатагы алыс кетип калды. Экөөнү мамлекет ичиндеги эле эмес, бир топ эл аралык ЖМКлар да аңдып турушат. Элдешеби, элдешпейби эми өздөрү билишет. Бирок, кайым айтышууну токтотуп, ар бири мыйзамдын талабында гана иш алып барышы керек.

«Мурунку жана азыркы президенттер элдин тынчтыгы деп оозеки эле айтпастан, аны иш жүзүндө далилдеши керек. Өзүнчө штаб түзүп, мурункудай басып алам дебей. Андай аракет эмес, ой да болбошу керек. Анда Атамбаев мурунку президент эмес, элге каршы иштеген душман болуп калат. Азыркы президент да муну дайым эске алып жүрүшү керек. Ар кимдин сөзүнө кирбестен, элдин тынчтыгы үчүн бир жыйынтыкка келүүсү кажет», — дейт Маматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM