Биз менен байланышыңыз

Манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган симпозиум өтүп жатат

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 547 | 0

Бүгүн, 27- июнда XX кылымдын алп манасчысы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Симпозиумга Кыргыз өлкөсүнөн тышкары, Азербайжан, Армения, Австралия, Абхазия, Алтай, Индия, Түркия, Хакасия, Калмыкия, Кытай, Франция, Тыва, Италия, Тажикстан, Латвия, Грузия, Татарстан, Өзбекстан мамлекеттеринен да атайын өкүлдөр келген.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер- Нияз, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да катышты. Алар «Манас» эпосунун бүгүнкү күндөгү орду, манасчылардын коомдогу ролу тууралуу кайрылуу жасашып, симпозиумга келген коноктордун ишине ийгилик каалашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM