Биз менен байланышыңыз

Импорттолгон коон-дарбыздар кооптуу

Экономика | 26 Июн 2019 | 786 | 0

Өлкөгө башка жактан келген мөмө-жемиштер адамдын ден соолугуна коркунуч жаратууда. Айрыкча, Тажикстан жана Өзбекстандан келген коон-дарбыз кооптуу экени айтылып жатат.

Ош шаарынын тургуну Кутман Султанов Тажикстандан импорттолгон дарбызды сатып алган. Анын ичи желим сыяктуу экендигин видеого тартып, өзүнүн социалдык баракчасына жарыялап чыккан.

Ал бардык дарбыздын көлөмү бирдей экенин жана эрте бышыруу үчүн ар кандай химикатттарды ашыкча колдонгонун айтат.

— Тажикстандан импорттолгон дарбызды сатып алгам. Бирок дарбыздын ичи желим сыяктуу жана суусу кыпкызыл экен. Жей алган жокпуз. Анан дагы дарбыздардын көлөмү бирдей экен. Эрте бышыруу үчүн химикаттарды ашыкча колдонгону көрүнүп турат. 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы  Анара Бекулиева коңшу өлкөлөрдөн келген жашылча-жемиштердин таза экенин тастыктаган сертификаты бар экенин, текшерүүдөн өтүп киргенин билдирди.

— Негизинен жашылча-жемиш жакынкы өлкөлөрдөн: Тажикстан, Өзбекстандан жана Казакстандан келет. Быйыл  коңшу өлкөлөрдөн 6 тонна дарбыз текшерилип кирген. Муну тиешелүү органдар, тактап айтканда, фитосанитария текшерип, анан уруксат берет. 

Коон-дарбыз эле эмес, чет жактан келген бардык жашылча-жемиш, азык-түлүктү текшерүүдөн же атайын лабораториядан өткөрүү керек. Мындай пикирди Борбордук Азия багбандар биримдигинин жетекчиси, агроном Абдулла Ташиев кошумчалады. Аны менен катар, өлкөдөгү жемиштерди да сөзсүз текшерүүдөн өткөрүү керектигин айтты.

— Бардык жашылча-жемишти документин карап, атайын лабораториялардан текшертип өткөрүү керек. Жергиликтүү жемиштерди да базарга алып чыгарда текшерүү зарыл. Бардык өлкөлөрдө дыйкандар жер семирткичтерди, химикаттарды колдонот. 

Кошумчалай кетсек, адистер быйыл коңшу өлкөлөрдөн келген жашылча-жемиштер таза эместигин айтышууда. Ошондой эле, мөмө-жемиштерден өзгөчө коон-дарбызды күн тийбеген көлөкө жерде сактоону адистер эскертишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM