Бүгүн 25-июнда Баланын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган Улуттук форум болуп өттү. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, БУУнун баланын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкие Мокуо, экс-президент Роза Отунбаева, жана бир катар жергиликтүү бийликтин жетекчилери, коомдук уюмдардын мүчөлөрү катышты. Жыйындын журүшүндө Кыргызстанда балдарга болгон социалдык коргоо, камкордук жетишсиз болуп жатканы айтылды. Мындан сырткары, коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйгөндүгү жөнүндө сөз болду. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн кескин чараларды көрүүдө жалпы коомчулуктун көмөк көрсөтүүсү керектиги белгиленди.
«Балдардын гармониялуу өнүгүүсү — мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат» Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Ал ошондой эле, БУУнун конвенциясында белгиленген баланын укугу Кыргызстанда толугу менен колдоо тапканын белгиледи. Кабыл алынган кодекс балдарды коргоого мүмкүнчүлүк берген принциптерди жана механизмдерди түзгөнүн, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдеттери кодексте так аныкталганын президент өз сөзүндө айтып өттү. Мындан сырткары, Жээнбеков айрым орун алган кемчиликтерге токтолду.
— Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок. Жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз экени белгилүү. Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө. Тарыхы, ата-бабалардын улуу жолу мындай көрүнүштү жериген коом, гуманисттик дөөлөтөрдү карманган өлкө катары — кырдаалды жакшыртуу үчүн, кескин чараларды көрүүбүз абзел.
Кыргызстанда ар бир бала үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга укуктуу. Бактылуу бала бактылуу үй-бүлөдө гана өсөт. Ошондуктан, өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөө — артыкчылыктуу багыт. Жогорудагы максаттарды кеӊири коомчулукка жеткирүү үчүн ушул жылдын 1-июнунан тартып «ТУМАР» улуттук өнөктүгү ишин баштаган. Анын ишмердүүлүгү жөнүндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров айтып берди.
— Биз зордук-зомбулукка каршыбыз! Мындан ары «балдарды тарбиялоодо зордук-зомбулук болбосун» деген максатта үй-бүлөлүк тарбиялоо боюнча атайын иш-чара жүрүүдө. 1-июндан тартып жер-жерлерде ар кандай уюмдар тарабынан, мамлекеттик органдардын колдоосу менен кол топтоо башталды. Анын жыйынтыгынын негизинде балдар жөнүндө кодекс жаңы редакцияда кирет.
Кыргызстанда көптөгөн балдар интернат сыяктуу ар түрдүү мекемелерде тарбияланып келет. Бул жагдайды өзгөртүү керектигин ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкие Мокуо белгиледи. Анын пикиринде эң мыкты тарбия үй-бүлөдө берилет.
— Ар бир баланын өз укугу бар. Бала эң мыкты тарбияны үй-бүлөнүн курчоосунда алат. 30 жыл мурун кабыл алынган «Баланын укугу жөнүндөгү конвенция» — бардык балдар үчүн маанилүү документ. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көптөгөн балдар ар түрдүү интернат сыяктуу мекемелерде тарбияланып келет. Биз муну өзгөртүүнү каалайбыз. Өткөн жылы президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын балдары үчүн «ар бир бала, үй-бүлөнүн курчоосунда чоңоюусу керектиги жөнүндө» маанилүү чечим чыгарган.
Ал эми, экс-президент Роза Отунбаева, «Адам потенциалын өнүктүрүүгө салым» аталышында баяндама жасады. Отунбаеванын маалыматына ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 700-800 миң, тагыраагы, ар бир 3-бала жакырчылыкта жашайт. Тилекке каршы, балдардын укугуна байланыштуу көйгөйгө тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келет.
— Балдар көйгөйү өтө көп. Бирок жетиштүү көңүл бурбай жатабыз. Биздин ошентип «камчы менен» өскөн балдарыбыз кийин «кар-курс» этип, «менин мылтыгым бар, менин тигиним бар, мунум бар» деп жатышпайбы. Балдарды психикалык, физикалык басым менен өстүрүп жатабыз чынында.
Бишкек шаарынын тургуну Нурлан Мамиев «фостердик үй-бүлө» системасы менен эки кызды тарбиялап келет. Анын айтымында, үй-бүлөдө берилген тарбия башкача. Балдар үйүнө барган адам аны жакшы түшүнөт.
— Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдөнмүн. Жалгыз эле балабыз бар, ошондуктан, «фостердик үй-бүлөдөн» эки кызды алганбыз. Балдар үйүнө барсаңыз, экөөнү эле эмес, жыйырманы да алгыңыз келет. Уулум 5те, кыздар чоңу 2, кичинеси 5 жашта. Үйгө кирсеңиз кучак жайып тосуп алганда, маанайыңыз көтөрүлөт.
Жыйындын жүрүшүндө балдардын укуктарын коргоо багытындагы маселелер талкууланып, балдарды коргоо системасы жана баланын укуктарын үй-бүлөнүн курчоосунда камсыздоо боюнча сунуштар айтылды.
Кошумчалай кетсек, Быйыл ноябрда БУУнун Балдардын укугу тууралуу конвенциясынын кабыл алынганына 30 жыл толот. Кыргызстандын уюмга кошулганына 25 жыл болду.
Pingback: «Ар бир баланын зордук-зомбулуксуз тарбия алууга укугу бар» – Сот адилеттигине жетүү