Биз менен байланышыңыз

Грузия: Парламент төрагасы отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 491 | 0

Грузиянын парламент төрагасы Ираклий Кобахидзе Тбилисидеги нааразычылык акцияларынан улам отставкага кетти. Бул тууралуу «Грузин кыялы» партиясынын башкы катчысы Каха Каладзе билдирди.

«Кабыл алынган чечимге эл жоопкерчиликтүү», — деди Каладзе.

Белгилей кетсек, 20-июнда Грузин парламентинин алдындагы нааразылык акциясы башталган. Бүгүн эртең менен күч түзүмдөрү тарабынан таркатылган оппозициялык топ талаптар аткарылбаса, кечинде кайрадан митингди улантарын айтышкан.

Митингчилердин башкы талабы — парламенттин төрагасы Кобахидзе жана Ички иштер министри Гахаринин отставкага кетирүү жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү болгон.

Эске салсак, митингдин чыгышына Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун Тбилисидеги жыйын учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болгон. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун спикердин орундугуна отуруп, жыйындагы адамдарга оручса сүйлөгөнүн «Грузияны сыйлабагандык» катары баалаган.

Оппозиционерлер буга көз жумган Грузия бийлиги чоң ката кетиргенин айтышып, «бул — өлкөнү сатканга барабар» дешкен.

Кошумчалай кетсек, милициясы тарабынан Грузия парламентинин имаратында жүргөн нааразычылык акциясында 305 катышуучу кармалган. Ошондой эле, милиция кызматкерлери демонстранттарга каршы колдонгон желим октор жана көздөн жаш агызуучу газдардын айынан 240 адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM