Биз менен байланышыңыз

UFC: Валентина Шевченко 10-августта мушташка чыгат

Кыска кабар , Спорт | 21 Июн 2019 | 519 | 0

UFC уюму кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун кийинки беттешинин күнү расмий бекитти. Бул тууралуу мекендешибиз, UFC чемпиону Валентина Шевченко Инстаграмм баракчасына жазды.

Таймаш UFC on ESPN+14 мелдешинин алкагында 10-августта Уругвайдын борбору Монтоведео шаарында өтөт.

Уюмдун эң жеңил салмагында чемпиондук титул үчүн кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Лиз Кармуш таймашы бул кеченин башкы беттеши болот.

Кармуш менен Шевченко буга чейин 2010-жылы ММА мелдешинде беттешкен. Анда дарыгер Шевченко беттешти уланта албайт деп таймашты токтотуп, америкалык мушкер айым жеңүүчү болуп табылган.

Бул мекендешибиз үчүн карьерасындагы биринчи жеңилүүсү болгон.

Валентина Шевченко 9-июнда Чикагодо чемпиондук титулун коргоо боюнча беттешке чыгып, америкалык Джессика Айды эсин оодара тээп, нокаут менен жеңишке жеткен.

Рейтингде Кармуш 3-сапта турат.

Copyright © 2017 Maral FM