Биз менен байланышыңыз

Парламент Атамбаевдин айыбын ачууга киришти

Саясат | 20 Июн 2019 | 1104 | 0

Парламент 20-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча комитеттин корутундусун жактырып, Башкы прокуратурага жөнөттү. КМШ өлкөлөрүндө алгачкы ирет болуп жаткан мындай чечимди кабыл алуу Жогорку Кеңеш үчүн оңойго турган жок. Мыйзам боюнча жалпы депутаттардын жарымы, тагыраагы, 60 эл өкүлдүн колдоосу жетиштүү болмок. Бирок 105 депутаттын 100ү колдоо көрсөттү.

Адегенде убактылуу комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу үчүн кандай этаптар бар экенин санады.

— Адегенде демилгечил топтун каты, андан кийин комитеттин корутундусу керек. Кийин Жогорку Кеңештин чечиминен соң, комиссиянын иши каралат. Каралып бүтүп, эки комитетке жөнөтүлөт. Алардан өтсө, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, Башкы прокуратурага жөнөтөт. Документ кайтып парламентке келет, эки комитет карап, анан добушка коёбуз. Бизге 2 жума керек. Биз колдогондон кийин укук коргоо органдары канча убакытта карашат, алардын өзүнүн иши.

Депутаттардын дээрлик баары колдоо көрсөткөнү менен Атамбаевди жактагандар да болбой койгон жок. Карамат Орозова ири долбоорлорду Жогорку Кеңеш кабыл алып бергенин эске салып, ошол учурда үн катпаган кесиптештерине кайрылды. Атамбаевдин ишиндеги катачылыктарды учурунда айтпай, жадагалса, ага КРнын Баатыры наамын ыйгарууга макулдугун беришкенине нааразычылыгын билдирди.

— Оор күнөө бар, саясий куугунтуктар, репрессиялар болгон деп айтылды. Эгерде ушундай мыйзам бузуу болуп жатса, биз залда жок эмес элек да. Баарыбыз ушул залда отурганбыз. Эмне үчүн ал бийликте отурганда каталарын айтып, туура эмес деген жокпуз?

Атамбаевге коюлуп жаткан айыптоолордун катарында бийликти узурпациялап алды дегени да бар. Айрым депутаттар муну Атамбаевдин жакындарынын маанилүү кызматтарга коюлушунан улам айтса, Мыктыбек Абдылдаев Конституцияны өзгөрткөнүн атады.

— Менин жеке оюмда, эң чоң маселе – Конституцияны өзгөртүү боюнча болгон референдум. Ошондо 90го жакын депутат Атамбаевди колдоп чыккан. Ушуну узурпация десек болот.

Ал эми Алмамбет Шыкмаматов эгер депутаттар Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ала албаса, чоң ката болорун эскертти. Экс-президент мамлекетти башкарып турганда бардык күч органдары анын колунда болгонун, бул маселе ошондо көтөрүлгөндө, куугунтук жүрмөгүн да белгиледи.

— Бүгүн Кыргызстанда бардык бийлик президенттин колунда эмес деп кимибиз айта алабыз? Эгер Атамбаевдин колундагы Башкы прокуратура, УКМК, Сот парламенттеги чоң, күчтүү фракцияда болгондо, бул маселе көтөрүлмөк эмес. Каныбек Иманалиев муну айтып чыгам деп, Текебаевдей соттолуп кетмек. Анткени, прокуратура, сот бир колдо болгон. Атамбаев бийликте турганда импичмент маселеси ошого колдоо таппай келген.

Атамбаевди жактаган депутаттар комиссиянын отурумуна экс-президенттин чакырылбаганына кызыгышты. Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев убакыт чектелүү болгонун, расмий кат почта аркылуу барган себептүү чакырылбай калганын айтты. Бирок интернет жана социалдык тармактар аркылуу бардык тарапка ачык болору жар салынганын кошумчалады. КДСП партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу, депутат Асел Кодуранова комиссиянын төрагасы өз сөзү менен атайын органдарга басым жасап жатканын эскертти.

— Сиз өз сөзүңүз менен күч органдарына кысым көрсөтүп жатасыз. Атамбаев президент болуп турган учурда эч ким айткан эмес. 5-6 гана депутат сындап турчу.

Жанар Акаев Атамбаев президент болуп турганда сындап келгенин эскерип, азыр ал алсыз экенин айтып, ошол себептүү сынга алганды туура эмес көрдү. Ал кесиптештерин мындан кийин да маанилүү маселелерде бир болууга чакырды.

— Атамбаев шоопурларын, жан сакчыларын, жакын адамдарын жогорку кызматтарга коюп келгенин билебиз. Биз мындан ары президентке жардам беребиз десек, жаңы Икрамдардын, Манас Арабаевдердин жана Абдил Сегизбаевдердин пайда болушуна жол бербешибиз керек.

Кошумчалай кетсек, убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алынып, Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Аталган орган эми өз пикири менен кошо токтомду Жогорку Кеңешке берет. Ошондо добуш берүү жүрүп, 80ден кем эмес депутат колдой турган болсо, Алмазбек Атамбаев кол тийбестиктен ажырайт.

Copyright © 2017 Maral FM