Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча токтом кабыл алынды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 952 | 1

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу жактырылды. Анда жалпы 105 депутаттын 100ү бул корутундуну колдоду.

Каршы добуш берген депутаттар: Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Асель Кодуранова, Альфия Самигуллина.

Эми бул токтом Башкы прокуратурага жолдонот. Андан соң башпрокурор тарабынан Жогорку Кеңешке маалымат берилет. Ошондо 120 депутаттын 2/3ү колдоо көрсөтсө, Алмазбек Атамбаев экс-президенттик макамынан ажырайт.

Эске сала кетсек, 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгында демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылды.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Майрам

    20.06.2019 22:35

    Бир дагы президент Атамбаевдей иштеген жок.Атамбаев эл учун иштеди.Аны карапайым эл бут билет.Электр жарыгын коз карандысыз кылды.Жолдор онолду.Айлыктар ,пенсия которулду.Жээнбеков бир иш жасаган жок.Эл Атамбаев учун Жээнбековду шайлады.Мурдагы президенттер бут жеди .Соттолгон жок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM