Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Президенттик шайлоо учурундагы укук бузуулар боюнча 36 иш козголду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 592 | 0

Казакстандын Башкы прокуратурасы 9-июнда өткөн президенттик шайлоо учурундагы административдик укук бузуулар боюнча 36 ишти сотко жөнөттү. Мындай билдирүү кечээ, 19-июнда Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.

«Шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө шек келтире турган мыйзам бузууларга жол берилген жок. Шайлоо маалында прокуратура тарабынан административдик укук бузуулар боюнча 36 иш козголуп, сотко жөнөтүлдү»,- деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, жарандарга ашыкча бюллетен тараткан участкалык шайлоо комиссияларынын 11 мүчөсү жоопкерчиликке тартылган.

Бир катар ЖМКларда жана социалдык тармактарда жарыяланган бюллетендерди таштоо жана башка укук бузуулар тууралуу видеолор боюнча прокуратура текшерүү ишин улантууда. Анткени, видеотасмалардын айрымдарында эч кандай дарек жоктугу жана шайлоо участкалары так көрсөтүлбөгөнү маалыматтарды тастыктоого кыйынчылык туудурууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз аракеттер аныкталган учурда материалдар күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн сотко берилет.

Казакстанда 9-июнда өткөн президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев 70,96 % добушка ээ болуп, жеңишке жетишкен. 12-июнда инаугурациясы өткөн.

Казакстан жарандары шайлоонун таза эмес өткөнүн айтып, нааразычылык акциялары күчөгөн. Митингге чыккан катышуучулардан жалпы 957 адам кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM