Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков депутаттарга: Сиздерди чоң иштер күтүп турат

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 841 | 0

Ант — элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы чоң жоопкерчилик. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков жаңы дайындалган министрлердин жана жетекчилердин антын кабыл алып жатып билдирди. Аларга берген антын унутпай, күндө эстеп жүрүүсүн эскертти.

Президент андан тышкары, депутаттарга кайрылып, ШКУ саммитинин өтүшү, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин жана Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий сапары тууралуу токтолду.

— Бул иш-чаралар Кыргызстандын аброюн дагы бир жолу эл аралык деңгээлге көтөрдү. Биз элибиздин биримдигин, намыстуулугун, мекенчилдигин дүйнөгө дагы бир жолу даңазаладык. Ушул уюшкан иш-чараны өткөрүүгө төрага баш болуп, бир катар депутаттар да катыштыңыздар.

Мамлекет башчы андан тышкары, депутаттардын алдыда шайлоочулар менен жолугушуусуна ийгилик каалап, эл өкүлдөрүн чоң иштер күтүп турганын эске салды.

Кошумчалай кетсек, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Экономика министри Санжар Муканбетов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Өкмөттүк Аппараттын жетекчиси Самат Кылжыев парламенттин трибунасында ант беришти.

Copyright © 2017 Maral FM