Биз менен байланышыңыз

Футзал: «EREM» Тажикстандан вице-чемпиону «Сипар» клубун жеңди

Кыска кабар , Спорт | 17 Июн 2019 | 462 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону «EREM» клубу Тажикстандын вице-чемпиону «Сипар» клубун жеңип алды. Бул тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов «Маралга» билдирди.

Тажикстандын Хожент шаарында кечээ өткөн беттеште башкы машыктыруучу Данияр Абдыраимовдун балдары жергиликтүү клубду 5:6 эсебинде утуп алышты.

Эл аралык жолдоштук беттеш кыргызстандык команданын Азиянын Чемпиондор Лигасына даярдыгынын алкагында өткөн.

Команда эс алуудан кийин өткөн аптанын башында чогулуп, окуу-машыгуусун баштаган.

«Сипар» — «EREM» командалары 15-16-июнь күндөрү эки беттеш өткөрүшкөн. Биринчи оюнда эсеп 5:5 тең чыгуу болгон.

Данияр Абдыраимов учурда Ирандан, ошондой эле, башка жактардан келген оюнчулар кароодон өтүп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM