Биз менен байланышыңыз

1 млн 429 миң адам жакырчылыкта жашайт

Кыска кабар | 16 Июн 2019 | 454 | 0

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2018-жылы кыргызстандыктардын 22,4 %ы же калктын 1 млн. 429 миң адамы жакырчылыкта жашайт.  Анын ичинен 35 миңи өтө жакырчылыкта күн кечиришет. Бул 2017-жылга салыштырганда  3,2 пайыздык пунктка аз.

Кедейчиликтин чегинде жашаган калктын 68,0 %ы калк отурукташкан айыл аймактарынын тургундары болуп саналган.

Айыл жерлеринде кедейчиликтин деңгээли 4,8 пайыздык пунктка, ал эми шаар жерлеринде — 0,4 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

2018-жылдагы калктын адам башына эсептегендеги колдо болгон акчалай кирешелери айына 5337,3 сом деңгээлинде түзүлүп, мурунку жылга салыштырганда 12,6 пайызга көбөйгөн.

Жалпы кирешелердин 11,7 %ы калктын Кыргызстандан тышкары жүргүзгөн эмгек ишмердигине туура келет, бул да кедейчиликтин деңгээлинин төмөндөшүнө салымын кошо тургандыгын белгилей кетүүгө болот.

Керектөө наркынан эмгек мигранттарынын кирешелерин чыгарып салсак, кедейчликтин деңгээли республика боюнча орточо 22,4%дан -32,2% га чейин өсө тургандыгын эксперименталдык эсептөөлөр көрсөткөн.

Мурдагыдай эле, эң кедей жашаган элдин жыштыгы жогору бойдон калууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM