Биз менен байланышыңыз

Динара Сагинбаева Улуттук госпиталдын директорлугунан алынды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 444 | 0

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева Улуттук госпиталдын башкы директору кызматынан алынды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Маалыматка ылайык, Динара Сагинбаева «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга шектелгендердин бири катары кылмыш ишинин негизинде тергөөгө тартылууда.

Ушундан улам, Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы кызматтан алууга сунуш берип, сот аны орундаткан.

Экс-министр буга чейин камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM