Биз менен байланышыңыз

Чолпонбек Базарбаевдин небереси орус балерина менен баш кошту

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 1394 | 0

13-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда өтө турчу гала-концертте «Саманчынын жолу» балет-ораториясы да коюлат. Балетте СССРдин эл артисти, атактуу балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин небереси Канат Надырбек уулу менен Орусиянын Мариин театрынын прима-балеринасы Ирина Сапожникова роль аткарышат.

Маалыматтарга караганда, аталган балет-ораториядан кийин эки жаштын үйлөнүү тою өтөт. Белгилей кетсек, Канат Надырбек уулу менен Орусиянын балеринасы Ирина Сапожникова шариат жолу менен нике курушту. Алардын никеси Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте кыйылган.

Эки жаштын айтымында, алар мындан 3 жыл мурун Мариин театрында «Ак куу көлү» балетинде өнөктөш болуп бийлешкен. Ошондон кийин жылдыздары келишип, сүйлөшүп башташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM