Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Салянованы үй камагына чыгарууну өтүндү

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 811 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов мурунку башкы прокурор Аида Салянованын Бишкектин № 1 тергөө абагында кармалганы тууралуу комментарий берди. Акыйткатчы институту тараткан маалыматка ылайык, Мамытов Бишкек шаардык сотуна бир топ сунуш менен кайрылат.

Биринчиден, кылмыш иштерин карап жатканда, сотторго болгон негизги талаптарга көңүл бурууга чакырат. Тагыраагы, мурунку башкы прокурор Аида Салянова бир гана жарандын (Нарын облустук прокурордун мурдагы орун басары Майрамбек Акматалиев) көрсөтмөсү менен кармалгандыгын эске алуу керек.

Экинчиден, Саляновага карата башка кылмыш иши боюнча соттун чечими бар болгондуктан, ал өлкөдөн чыга албайт, демек аны СИЗО-1ге камоого негиз жок болчу деп айтылат.

Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексинин 107-беренесине ылайык, айыпталуучунун баш коргоо чарасы эгер ал тергөө ишине тоскоолдук жаратса, же тергөө органынан качканда гана өзгөртүлөрү айтылган.

Акыйткатчы Токон Мамытов тергөө абагына барып, Саляновадан кабар алган. Ал учурда Салянова жүрөгү ооругандыктан, тез жардам чакырылган. Бирок ал эч кандай арыз менен кайрылган эмес.

Акыйткатчы Токон Мамытов Кылмыш-жаза кодексинин 106-беренесине ылайык, жогоруда келтирилген жүйөлөрдү эске алып, Аида Салянованы үй камагына чыгарууну Бишкек шаардык сотунан өтүндү.

Бүгүн мурдагы башпрокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралып, аны 26-июнга чейин тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

Ал ортодо Аида Салянованын тарапташтары президентке кайрылуу боюнча кол топтоону баштады. Кайрылууга кол койгондордун саны 2 миңдей болду. Жактоочу Рабига Сыдыкова билдиргендей, кол топтогондор Салянова боюнча ишти президент көзөмөлүнө алуусун өтүнүшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM