Биз менен байланышыңыз

Мали: Чабуулдан 95 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 477 | 0

Малидеги Собану айылына жасалган куралдуу чабуулдан улам, 95 киши каза болуп, 19 киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу MaliJet маалымат порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол салуучулар жергиликтүү калкты атып, турак жайларын өртттөп жиберишкен. Собану айылы дээрлик кыйраганы айтылууда.

Аталган аймакта догон уруусу жашап, негизинен аң улоо менен алектенишет. Догон уруусу менен фульбе уруусу ортосунда дайыма кагылышуулар болуп келет. Фульбе уруусу жайгашкан Фулани айылында март айында 100дөй киши өлтүрүлгөн. Бул чабуулду догондор жасаганын айтышкан. Андан соң «Аль-Каидага» байланышы бар жергиликтүү террордук уюм Малидеги аскерлерге жана догондор отурукташкан айылдарга кол салган.

2012-жылдан бери Батыш Африкада орун алган Мали өкмөтү менен башка ар түрдүү топтор арасында куралдуу тирешүүлөр жүрүп турат. 2015-жылы өлкөдө тынчтыкты сактоо максатында куралдуу күчтөр менен келишим жасаганына карабастан, радикалдык согуштар токтобой келет.

Copyright © 2017 Maral FM