Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти Нуртай Борбиев дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 1457 | 0

Кыргыз эл артисти, белгилүү оператор, режиссёр, актёр Нуртай Борбиев 82 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Нуртай Борбиев узакка созулган оорудан улам бүгүн, бүгүн түшкө жуук каза болгон. Маркум акыркы үч жылдан бери ооруп, төшөктө жатканы айтылат.

Нуртай Борбиев 1937-жылы 15-январда Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылында туулган. Фрунзе шаарындагы № 5 Кыргыз орто мектебин аяктаган соң, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуган.

Ал актер катары «Көчө», «Саманчынын жолу» тасмаларында роль жаратып, оператор катары «Алайдын карында», «Манасчы», «Бакча», «Мурас», «Ак илбирстин тукуму», «Сүйүү закымы» сыяктуу бир канча даректүү тасмаларды тарткан. Ошондой эле, «Ашуудагы айкаш» көркөм тасмасынын сценарийин жазган.

Эмгеги бааланып, 1979-жылы Кыргыз ССРнин маданиятынын мыкты кызматкери, ошондой эле, 1991-жылы Кыргыз Эл артисти наамын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM