Биз менен байланышыңыз

UFC: Кыргызстандык мушкер айым Валентина эртең мушташка чыгат

Кыска кабар , Спорт | 8 Июн 2019 | 544 | 0

Түндө АКШнын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында UFC 238 мелдешинин мушкерлери таразага түшүшүп, атаандаштардын беттешүүсү болду.

Мелдеште кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко менен Жессика Айдын беттеши эң кызыктуу деп белгиленүүдө.

Мушкер кыздар эң жеңил салмакта чемпиондук үчүн таймашат.

Шевченко беттеш алдында таразада салмагы 56,2 кг, ал эми анын атаандашы Джессика Ай – 56,7 кг чыкты.

Беттеш 9-июнда өтөт.

UFC 238 мелдешинде жалпысынан ондой таймаш өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM