Биз менен байланышыңыз

«Кырк уруу жети дубан ынтымагы» кыймылынын лидери пара бергени үчүн камакка алынды

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 621 | 0

«Кырк уруу — Жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери Замирбек Дүйшөнов милиция кызматкерине пара сунуштаган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сокулук милициясынын тергөө кызматынын өкүлү буга чейин Замирбек Дүйшөнов бир миң доллар пара сунуштаганы боюнча билдирген.

ИИМдин маалымат боюнча, шектүү Дүйшөнов буга чейин наркотикалык каражаттарды, психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жасоого, сатууга шектелип кармалган Амангелди Артыковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, милицияга пара сунуш кылган.

Бул факт кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «пара берүү» беренеси боюнча катталып, иликтөө ИИМдин тергөө кызматына тапшырылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жаран 4-июнда Сокулук райондук милициясында 10 миң сом пара бергени аныкталган.  Учурда Замирбек Дүйшөнов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM