Биз менен байланышыңыз

Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү. Сандар жана фактылар

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 417 | 0

Бүгүн, 7-июнь — Финансы жана экономикалык чөйрөнүн кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Алар тууралуу айрым фактылар жана сандар:

Финансылык ортомчулук кызматын көрсөтүү боюнча 900гө жакын уюм ишмердик жүргүзөт. Ал эми  ушул жылдын алгачкы үч айына жүргүзүлгөн статистика боюнча бул уюмдарда 4,5 миң кызматкер иштээри такталды.

Ушул жылдын январь айынан март айына чейинки аралыкта финансылык ортомчулук уюмдар тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 1,7 млрд. сомду түздү.

Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү үстүбүздөгү жылдын I кварталын 754,5 млн. сом суммасында пайда менен аяктады, ал эми 17 пайызы чыгашага учурады (37,1 млн. сом).

Ушул жылдын I кварталында алар тарабынан 717,4 млн. сом пайда өлчөмүндө оң натыйжалуу каржылык жыйынтык алынды.

Жогорку окуу жайларда жана орто кесиптик окуу жайларында экономика адистиги эң кадырлуу болуп саналат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM