Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Кадамжайдын акими менен Айдаркендин мэрин кызматтан алды

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 683 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков менен Айдаркен шаарынын мэри Мухубилла Мумбаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, аким Жаныбек Исаков менен мэр Мухубилла Мумбаев ээлеген кызматтарынан өз арыздарынын негизинде бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM