Биз менен байланышыңыз

Венесуэла Орусиянын курал-жарактарынан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 467 | 0

Венесуэланын вице-президенти Тарек Аль-Аиссами Венесуэла Орусиянын жаңы куралдарына муктаж эместигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Ошондой эле, Орусиянын жаңыдан берилүүчү насыясынын да кереги жоктугун айткан. Вице-президенттин билдирүүсүнө ылайык, учурда Венесуэла башка багытта иш алып барып жаткандыктан, курал-жарактарга муктаждыгы жок.

Буга чейин, Венесуэланын лидери Николас Мадуро Орусиядан заманбап куралдарды алуу боюнча ою бар экенин маалымдаган. Мындан тышкары, Орусиядан курал-жарактар дайыма келип турарын жана бул кадимки көрүнүш экенин, «өзгөчө эч нерсе жоктугун» билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM