Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 775 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосун Бишкек шаарынын Эски аянтындагы айт намазда бүгүн Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

Жээнбеков жан дүйнөнү аруулантууну, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо айт майрамы менен бардык мусулман калкын куттуктаган. Ошондой эле, Рамазан айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, соопчулук иштер жасалганын белгилейт.

«Кыргызстандын аймагында түрдүү этностордун, маданияттардын, диндердин өкүлдөрү байырлашат. Биз баарыбыз ынтымакта жашап келе жаткан, бири-бирибизге тирек болгон тилектеш бир эл, бир журтпуз. Жараткан ыйык Рамазан айында ниет кылган жакшы тилектерибизди кабыл кылсын» — деп айтылат куттуктоодо.

Copyright © 2017 Maral FM