Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда Орозо Айт майрамы

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 583 | 0

Бүгүн Кыргызстанда Орозо Айт майрамы. Ушул тапта Бишкектин Эски аянтында Айт намазы окулуп жатат.  Саат 6дан тарта дин аалымдарынын баяндамалары айтылды.

Андан кийин муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосу жана баяндамасы болду. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү айтылды.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы Орозо айтты 5-июнда белгилөө боюнча чечим чыгарган.

Ош шаарында бул жолку Айт намазы мечиттерде окулары кабарланган. Мындай чечим муфтият тарабынан кабыл алынган.

Ош шаарынын 76 мечити Айт намазына даярдалган. Буга чейин айт намаздары Ош шаарынын Борбордук аянтында окулуп келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM