Коррупцияга шектелип жаткан Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин бүгүн, 4-июнда Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, сот тергөө иштери аяктаганга чейин, башкача айтканда 3-июлга чейин УКМКнын Тергөө абагында кармоо боюнча чечим чыгарды.
Эске салсак, Манас Арабаев «Коррупция» беренеси боюнча шектелип, 2-июнь күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.