Биз менен байланышыңыз

Аялзаты эмне үчүн так илимди тандабайт?

Коом | 4 Июн 2019 | 1154 | 0

Кыргызстандагы аялдардын көпчүлүгү так илимдерге караганда, гуманитардык багытты же айлык маянасы аз иштерди көбүрөөк тандашат. Адистердин айтымында, алар аркалаган кызмат-иштердин дээрлик көпчүлүгү 2030-жылдарда жок болуп кетүү коркунчу бар кесиптердин катарына кирет. Ошондуктан, коомдо калыптанып калган кыз-келиндер так илимге шыгы азыраак деген түшүнүктү жок кылуу максатында «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду «STEMдеги (илим, технология, инженерия, математика) айымдар — Кыргызстандын келечеги» аталышында форум өткөрдү.

22 жаштагы Мээрим Абдыманап кызы IT тармагында билим алып, программист болом дегенде, аны көпчүлүк түшүнө берген эмес. Жадагалса, «Бул кесип кыздарга жарашпайт», — деп жемелегендер да болгон. Бирок ага карабай билим алып, быйыл окуу жайды аяктоо алдында турган Мээрим азыркы тапта өзү программа жазып, алыскы аймакта жашаган тургундардын жашоосун жеңилдетүүчү медициналык аспап ойлоп тапты.

— Башында кайсы тармакты тандап жатканымды айтсам, айрым туугандарым таң калып, «Эмне кыласың?» — дешкен. «Техниканы ремонт кылат турбайсыңбы, эмне кереги бар?» — дегендер да болгон. Азыр жаңы пайда болгон адистиктерди көпчүлүк түшүнө бербейт да. Бирок мен тандаган адистиктин келечеги зор. Абдан кызыктуу жана пайдалуу.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстан калкынын 52 %ын аялдар түзөт. Адистердин жүргүзгөн анализине ылайык, алардын көпчүлүгү аз маяна ала турган же гумантитардык багыттагы кесиптин ээлери. Айрымдардын пикиринде, кыз-келиндер аркалаган кесиптердин көпчүлүгү 2030-жылы жок болуп кетүү коркунучунда турат. Мындан улам, технология өнүгүп, заман өзгөрүп жаткан учурда, кыз-келиндерди да илим тармагына шыктандыруу керектигин эскерткендер бар. «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду уюштурган форумдун максаты да дал ушунда. Фонддун негиздөөчүсү, мурдагы президент Роза Отунбаева аялдар да так илимге шыктуу келерин айтат.

— Азыр заман өзгөрүп, өнүгүп жатат. Аялдар да ошол өнүгүүгө үлгү боло алат. Биз эркектер менен тирешели деген оюбуз жок. Болгону, айымдарга берилген шык-жөндөмдү да көрүүгө учур келди. 

Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер Топчугүл Шайдуллаева кыздардын так илимдерге тартылбай жаткан себебин коомдо калыптанып калган түшүнүк менен байланыштырат. «Жаш кезинен кыздарга кандай кесиптер туура келери айтыла берип, аларда өздөрүнө болгон ишеним да төмөндөгөн», — дейт.

— Эң негизги себептердин бири — коомдогу түшүнүк. Кыздарга белгилүү бир кесиптерди гана жараштырып, ошолор гана ыңгайлуу деген ой калыптанып калган. Кыздар эмне үчүн илимпоз, геолог, же учкуч, же таптакыр башка кесиптин ээси боло албасын? Ошондой кесиптерге да шыктандыруу зарыл. Антпесе, көбүнчө алар кесибин ата-энесинин сунушу менен гана тандап калышат. Анын негизинде өздөрүнө болгон ишеним жоголот. Алар так илим мен үчүн эмес деп ойлоп, коркушат.

Бирок эркек кишиге караганда, аялда сезим күчтүү болгон үчүн так илимге шыгы көбүрөөк дегендер да бар. Анын үстүнө аял киши канчалык илимдүү болсо, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдарынын өсүп-өнүгүүсүндө да таасири чоң болорун айтышат. Эл өкүлү Аида Касымалиева: «Коомдогу калыптанып калган ойлордон улам, жаңы өсүп келе жаткан жаш кыздардын кыял-максаттары чектелип калып жатат», — дейт.

— Биз айылдарга барып сүйлөшүп калганда, жаш окуучу кыздар белгилүү эле чекке чейин максаттарын коюп алышканын байкайбыз. «Мектепти аяктагандан кийин Орусияга кетип, ата-энеме акча жөнөтөм, же турмуш чыгам»,  — деген сыяктуу гана пландары бар. Мындай ойдо болуп калгандарына түшүнүк себеп. Бирок чындыгында аялдарда да так илимдерге болгон шык-жөндөм бар. Болгону түшүнүктү өзгөртүү керек. Мен билгенден, тескерисинче, коомдо өз орду бар, илимдүү-билимдүү, карьера менен кеткен аялдардын үй-бүлөсү да жакшы каралат. Башкача айтканда, «Карьера менен кеткен аялдын үй-бүлөсү каралбай  калат», — деген туура эмес түшүнүк.

Ал эми айрым илимпоздор так илимге аялдарга караганда эркектердин көбүрөөк ыктоосун коомдогу пикир менен байланыштуу экенин эксперимент аркылуу аныктап чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM