Биз менен байланышыңыз

Израиль президентинин жубайы дүйнөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 465 | 0

Израилдин президенти Реувен Ривлиндин жубайы Нехама Ривлин 74 жашында көз жумду. Бул тууралуу «The Jerusalem Post» гезити билдирди.

Нехама Ривлин 1945-жылы төрөлгөн, 5-июнда 74 жашка толмок. Ал өпкө оорусунан жабыркап келген.  Ушул жылдын март айында бир өпкөсүн алмаштырган. Мындан улам, Реувен Ривлин Канадага болгон иш сапарын токтотуп, Мекенине кайтып келген.

Copyright © 2017 Maral FM