Биз менен байланышыңыз

«Жээнбеков баарын билет деп, үн катпай отуруу туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 445 | 0

УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков баарын билет деп үн катпай отуруу туура эместигин билдирди.

Анын айтымында, жарандык активисттер көтөрүп чыккан маалыматтарга бийлик тараптан көрүнүктүү реакция болбой жатат.

«Бийлик: «Ит үрө берет, кербен жүрө берет», — деп, коомчулукту итке теңегендей болуп жатат. Мындан улам, жарандык коомдун митинг өткөрөм деген үнү президентке жетиши керек. Былтыр президенттин жасаган иш-аракеттери жакшы болчу. «Азыр эмне үчүн башкача болуп калды?» — деген суроо туулат. Жээнбеков коррупция менен күрөшүү маселесин тегерек үстөл үстүндө ачык-айкын чечсе болмок. Президент Коопсуздук кеңешин, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, ЖК фракцияларын чакырып, коррупция боюнча бетме-бет отуруп талкуулашы зарыл«, — дейт Мамытканов.

Анын баамында, бийликтин саясаты ушул бойдон уланса, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол ачылат. Саясий партиялардын өкүлдөрү бири-бирине куда, сөөк болуп алган. Мындан улам, саясий система менен күрөшүү зарыл. Учурда каражаттар экономикага байланышы жок багыттарга кетип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM