Биз менен байланышыңыз

«Күч органдары бизнести тартып алууга аракет кылып жатышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 366 | 0

Бийлик элдин митингге эмне себептен чыгып жатканына кызыгып, талаптарын укпаса, өлкө оор абалга келиши ыктымал. Анткени, жагдай коркунучтуу. Бул тууралуу жарандык активист Бурул Макенбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кармалган адамдарды кыйнап, психологиялык басым жасалып жатат», — деген маалыматтар түшүп жатат. Бирок колго түшкөн адамды кыйноо кылмыш катары эсептелет. Коомчулук буга жол берсе, жакшылыкка алып келбейт.

«Бийлик коомчулук, бизнес өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушууларды өткөрүшү керек. Адамдар айрым маалыматтарды прокурорго да бере албайт. Саясий куугунтуктун айынан мыйзамсыз кадамдарга жол ачылды. Күч органдары бизнести тартып алууга аракет кылып жатышат. Бирок ишкерлер аны айтпайт. Президент Сооронбай Жээнбековго кайрыларым, купуя түрдө болсо да, жолугушуу өткөрүүсү зарыл», — дейт Макенбаева.

Ал кошумчалагандай, митингден жыйынтык чыгып, диалог түзүлөт. Ага тыюу салуу улана берсе, эл менен президенттин ортосунда душмандык жаралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM