Биз менен байланышыңыз

«Укук коргоо органдары криминалга айланып бара жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 711 | 1

Кыргызстандагы кырдаал коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык конвенциянын эрежелерине такыр туура келбейт. Бул тууралуу жарандык активист Бурул Макенбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке каражат топтолушу зарыл. Бирок өлкөдө коррупцияга каршы күрөш саясий күрөшкө, тактап айтканда, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен күрөшкө айланып калды.

«Былтыр президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда, Финполду УКМКдан чыгаруу маселеси каралган. Бирок азыр Атамбаевдин тегерегиндеги адамдарды жазалоо керек дегендей болуп жатат. Тагыраагы, саясий күчтөр Атамбаев жасаган кылмыштуу куралды анын өзүнө каршы колдонуп жатат. Коррупцияга каршы күрөш мергенчиликке айланды. Ачык-айкындуулук болгондо, бизнеске жашы шарт түзүлүп, салык көп түшө баштайт. Натыйжада казына толот. Бирок бизде ишеним азайып баратат», — дейт Макенбаев.

Ал мындан сырткары, укук коргоо органдары криминалга айланып, бизнести өз кызыкчылыктарына колдонуп жатканын айтып, бул абдан коркунучтуу экенин баса белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. Зуура

    04.06.2019 03:24

    Туура колдойбуз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM