Биз менен байланышыңыз

Аида Касымалиева «Ачык өкмөт» өнөктөштүгү (OGP) эл аралык демилгесинин саммитине катышты

Кыска кабар | 1 Июн 2019 | 656 | 0

29-31-май күндөрү Канаданын борбор калаасы Оттава шаарында «Ачык өкмөт» өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин Глобалдык саммити болуп өттү. Ага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 2 миңден ашуун делегация барды.

Ал эми Кыргызстандан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган парламенттин, Өкмөттүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Аида Касымалиева «Ачык өкмөт» өнөктөштүгү долбоору менен парламенттин ишмердүүлүгү ортосундагы байланыштар тууралуу баяндама жасады. Анын ичинен парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап, Кыргызстанда парламенттин ишинин ачык-айкындуулугун арттырууга өзгөчө басым жасалып, Жогорку Кеңеш менен жарандардын ортосундагы тыгыз байланышты камсыздоого багытталган маанилүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Ошондой эле, Аида Касымалиева электрондук петиция ыкмасын киргизүү өңдүү бир катар демилгелер сунушталып, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип баштаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, «Ачык өкмөт» өнөктөштүгү — Өкмөттүн ачык-айкындуулукту камсыздоо, жарандардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коррупция менен күрөшүү жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу боюнча милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге болуп саналат.

«Ачык өкмөт» өнөктөштүгүнө Кыргызстан 2017-жылы мүчө болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM