Биз менен байланышыңыз

Дастан Догоевге жаңы кызмат сунушталды

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 791 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Мыйзам боюнча Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматтан алынган учурда премьер-министр жаңы талапкерди 5 иш күндүн ичинде дайындоо үчүн президентке сунуштайт. Талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылса, президент жарлыкка кол коюп, кызматка дайындайт.

Кошумчалай кетсек, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин мурунку төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда премьер-министрдин сунуштамасы менен кызматтан алынган. Мындай чечимге «КТ Мобайл» жана «Ачык өкмөт» долбоорунун айланасындагы окуялар себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM