Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы кыргыз-казак чек арасынан өтүүчү товарларга көзөмөл кыла албайт

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 376 | 0

Казакстандан Кыргызстанга аткезчилик менен кирип жатат деп айтылып жаткан күйүүчү май тууралуу Бажы кызматы түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматында, 2015-жылдын 12-августунан тарта Кыргызстан ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болду. Ошондон кийин мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда бажы контролу алынган.

Буга байланыштуу Бажы кызматынын кыргыз-казак чек арасы аркылуу өтүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына текшерүүгө ыйгарым укуктары жок. Бүгүнкү күндө бул милдетти башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ишке ашырууда.

Өлкө аймагына ЕАЭБ мамлекеттеринен келген товарларды, анын ичинде күйүүчү майды каттоо, эсепке алуу жана мындан аркы администрациялоо иши Бажы кызматынны компетенциясына кирбейт.

Эске салсак, буга чейин парламент жыйынында депутаттар өлкөгө аткезчилик менен кирген товарлар көбөйгөнүн айтып чыгышкан. Эл өкүлү Жанар Акаев күйүүчү майдын аткезчилигинин кесепетинен өлкө 5,5 млрд сом жоготуп жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM