Биз менен байланышыңыз

Бишкекте балдар фестивалы өтөт

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 401 | 0

Эртең, Касымалы Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр китепканасында «Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын кошкон салымы» аталышындагы фестиваль өтөт.

Иш-чарага жалпысынан 170 бала катышат. Булардын катарына Бишкек шаарынан жана аймактардан келген турмушу оор үй-бүлөнүн балдары жана эл аралык жана ата мекендик мелдештерде чоң ийгиликтерди жараткан таланттуу балдар да чакырылган.

Балдар Фестивалы Президенттин Аппараты, «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонду жана ЮНИСЕФ уюмдары менен биргеликте өткөрүлөт.

Иш-чара өлкөдөгү балдардын зор потенциалын көрсөтүү, алардын  дареметин ачканга шарттарды түзүүнү максат кыларын уюштуруучулар айтышууда.

Фестиваль чыгармачыл, көңүл ачуу форматында өтөт. Искусствонун ар кандай түрлөрү жана робототехника, шахмат, химия, менталдык арифметика, таэквондо жана башкалар боюнча чеберчилик сабактар уюштурулат. Атайын  жасалган фотоаймакта балдар өзүн ар кандай образдарда сынап көрсө болот, тигил же бул кесиптин атмосферасына чөмүлүп кыялдана алышат. Президенттердин клубу өзүнчө иштейт, ал жерде жаш лидерлер — мектептин президенттери чогулуп, талкуулап, Президентке жана Кыргыз элине Кайрылуу жазышат.

Иш-чарага экс-президент, «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева , Президенттик Аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү жана башка расмий адамдар конок катары чакырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM