Биз менен байланышыңыз

«Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болушу мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 6474 | 0

Эгерде «Бажагейт» жана бажыдагы чуулгандуу иштерден туура тыянак чыгарылбаса, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда  болушу мүмкүн. Бул тууралуу саясатчы Эмилбек Каптагаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү акыркы кырдаалдар боюнча коомдо айтылып жаткан пикирлер мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо процесстерине негиз болуп турат. Мындан улам, президент Сооронбай Жээнбеков командасы менен «Бажагейт» жана бажыдагы чуулгандуу иштер боюнча тыянак чыгарышы зарыл.

Ал эми Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлсө, ага ишеним болбойт. Анткени, эл өкүлдөрүндө 2020-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн Матраимовго каршы чыкпоо зарыл деген түшүнүк пайда болуп калган.

Мындан улам, мамлекеттик комиссия түзүлүп, «Матраимов ким?» деген суроого чукул арада жооп берилиши кажет. Болбосо, суроонун баары президенттин мойнуна илинет. Ал эми Жээнбеков мындай чоң маселени «жылмалап көтөрүп кетем» десе жаңылат.

Белгилей кетсек, 29-майда журналист Али Токтакунов Матраимовдордун мүлкү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Матраимовдор 2011-2017-жылдары Кыргызстандан банктар аркылуу 700 миллион доллар чыгарышканын журналист жеке булактарга таянып айткан.

Copyright © 2017 Maral FM