Биз менен байланышыңыз

Неймар Бразилия курама командасынын капитандыгынан кетти

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 28 мая 2019 | 733 | 0

ПСЖ чабуулчусу Неймар Бразилия курама командасынын капитандыгынан кетти. Бул тууралуу Бразилия футбол конфедерациясы расмий сайтына жарыялады.

Футболчуга аталган кабарды Бразилия улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Тите билдирген. Анын айтымында, Неймар алдыдагы беттештерде, ошондой эле, Америка кубогунда да капитандык кыла албайт.

Бразилия курамасынын жаңы капитандыгына командада эң көп беттеш өткөргөн (138) оюнчу Дани Алвес дайындалды.

Америка кубогу Бразилияда 14-июндан 7-июлга чейин болот. Бразилия футболчулары А группасында, Боливия, Венесуэла жана Перунун улуттук командалары менен ойнойт.

Апрелдин аягында, Франция кубогунун финалында «Реннада» жеңилип калган соң фанаттар менен болгон мушташтын айынан Неймар Бразилия курамасындагы ордунан айрылышы мүмкүн деген пикирлер айтылган эле.

 

Copyright © 2017 Maral FM