Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзам КСДПны Атамбаевсиз калтырды

Саясат | 27 мая 2019 | 600 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн убактылуу кетти. Партиянын саясий кеңешинин мындай чечимине экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон. Анткени, ал документке ылайык, экс-президенттер саясий партиянын төрагасы жана мүчөсү боло албайт. Бирок мурдагы мамлекет башчысы саясаттан кетпей турганын КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал Алмазбек Атамбаев өзүнүн миссиясын аягына чыгарган соң гана саясаттан оолак болорун айтты.

— Жаңы күчүнө кирген мыйзамда саясий иштер менен алектенбеши керек деген талап жок. Алмазбек Атамбаев саясатка активдүү түрдө аралашат, анын укугу бар. Атамбаевдин миссиясы бүтө элек. Кыргызстанда парламентаризмди толук орнотуп, саясий элитаны жаңылаган соң саясаттан алыстайт.

КСДП бул мыйзамды Башмыйзамга каршы келет деп эсептейт. Ошол себептен, жакында Конституциялык палатага кайрыла тургандыгы да маалым болду.

Бирок КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаевдин белгилешинче, жаңы кабыл алынган мыйзам Башмыйзамга каршы эмес. Ошондой эле, бул документтин кабыл алынышы КСДПга таасир эткени менен, Атамбаевге тиешеси деле болбойт.

— Мыйзамдын Конституцияга эч кандай каршылыгы жок. Баш мыйзамда «экс-президенттин статусу мыйзам менен аныкталат» деп эле кыска жазылып турат. Атамбаев кеткенден кийин партия өз уставынын негизинде эле уланта берет. Эгер андай таризде кетпесе, шайлоодо утулууга дуушар болушу мүмкүн.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин Алмазбек Атамбаевде 2 тандоо пайда болду. Ал партиянын лидери болуп калса, экс-президент деген макамдан ажыратылып, артыкчылыктардан куру калмак. Бирок мурдагы мамлекет башчы партиядан баш тартып, макамын сактап калды. Мындай баасын саясат талдоочу Алмаз Акматалиев берди. Анын белгилешинче, Атамбаевдин КСДПдан кетиши партия үчүн да терс таасир этерин белгиледи. Ал эми парламенттик шайлоодо Атамбаевдин командасына кошулууну каалагандар болорун да болжоду.

— Алмазбек Атамбаевде экс-президент деген макамдан сырткары, акчасы бар. Өзү да мультимиллионер экенин айтып эле жүрбөйбү. Эми КСДПнын айланасында акчасына кызыккандар көбөйөт. Бирок анын партиядан кеткени КСДПга терс таасирин тийгизет. «Атамбаеви жок КСДП» дегенде эч ким ишенген эмес эле, азыр ошондой эле болуп калды. Эми ал партияга артында электораты көп мүчөлөрдү чогултпаса, абалы оор.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин белгилешинче, экс-президент эми көмүскөдөгү лидердин ролун аткарып, партиясын алдыга сүрөгөнгө аракет кылмакчы. Бирок анын партиядан кетиши жана буга чейин Сагынбек Абдырахманов менен болгон партия талашы КСДПнын аброюна кыйла шек келтиргенин да айтты. Азыркы кырдаалда 2020-жылкы шайлоодо жеңүүдө кыйын кырдаал түзүлүп калганын да белгиледи.

— Атамбаев эми өзү башкы фигура катары көрүнбөй, көмүскө лидер катары иштейт. Жаштарды тартып, Элдар Супатаевди да командасына кошту. Анда жакшы идеялар болуп, жаштар келиши керек дегендей ураандарды чакырып жатат. Ушул сыяктуу ири долбоорлорду колдоп, көмөк көрсөтүп, каржылап турат. Өзү активдүү саясатка аралашпайт.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстандын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга 16-майда кол койгон болчу. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо КСДПны баштап бара турганын жар салган.

Copyright © 2017 Maral FM