Биз менен байланышыңыз

Улуттук филармония учурга шайкешпи?

Билим-маданият | 27 мая 2019 | 722 | 0

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ал үчүн мамлекет тарабынан 55 миллион 420 миң сом бөлүнгөн. Эске салсак, аталган имаратка акыркы жолу 2007-жылы  оңдоп-түзөө иштери болуп, бирок толук жүргүзүлгөн эмес. Былтыр, 2018-жылы филармониянын алдындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин иш бөлмөсү өрттөнүп, ушул жана башка себептерден улам, улуттук филармонияны оңдоп-түзөө зарылдыгы келип чыккан.

Филармонияга онлайн режимдеги камералар орнотулду, мындан ары ар бир кирип-чыккан адамды көзөмөлдөй алышат. Мындай маалыматты аталган маданий мекеменин директору Кыргызбай Осмонов оңдоп-түзөө иштерин журналисттерге тааныштырып жатып билдирди.

— Имараттын  5,5 миң чарчы метр чатыры толугу менен оңдолду. Эң негизгиси өрт коопсуздугу боюнча биринчи кабаттан бешинчи кабатка чейин үч түрдүү өрт өчүрүү механизми коюлду. Сахнага, залга жана 1-2-3-кабаттарга жаңы, заманбап кондиционерлер орнотулду. Чоң залдын төбөсү, капталдары толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны июнь айында Бишкек шаарында болот. Анын алкагында пландалган маданий иш-чаралар улуттук филармонияда өткөрүлөт. Ушул иш-чарага байланыштуу ушул жылдын 1-мартында башталган филармонияны оңдоп-түзөө иштери аягына чыгып калды.

Бөлүнгөн каражат тендердик негизде каржыланып, имаратты оңдоп-түзөө үчүн ар бир бөлүгүнө ар башка сынак жарыяланган. Филармониянын директорунун  айтымында, мындай ыкма жемкорлукка бөгөт коёт.

Имараттын сырткы бетиндеги мраморлор жууп-тазаланып, буга чейин бирде иштесе, бирде иштебей келген сахнанын айлампа бөлүгү толугу менен ишке кирди. Ошондой эле, имараттын ички жасалгасы улуттук үлгүдөгү оюм-чийимдер менен кооздолуп, коопсуздук меселелери өзгөчө эске алынды. Көрүүчүлөр үчүн орнотулган орундуктар жана имараттын ички бөлүгүнө төшөлгөн килемдер баштан-аяк жаңыртылып, артисттердин грим бөлмөлөрү учур талабын жооп бергидей жасалгаланып, ар бирине душ орнотулду.

Кыргыз Эл артисти, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру Сардарбек Жумалиев азырынча филармониядагы өзгөрүүлөрдү өз көзү менен көрө элек. Буга чейин жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштери көпчүлүктү канааттандырган эмес. Бул жолу пландалган иштер толугу менен аткарылып, эмгек жамаатты да, элди да сүйүндүрөт деген үмүттө.

— Мындан он жылдай мурун чала-була  оңдоп-түзөө болгон. Анда толугу менен жасалбай, чатырынан суу акчу. Азыр жалпы капиталдык оңдоп-түзөө жүрүп жатыптыр. Эми, мунун баарын жакшылап көзөмөлдөп туруп, аягына чыгарып алсак, баарыбызга жакшы. Келген меймандарга да жагымдуу болот. Ойдогудай эле болот деп күтүп жатам.

Эске сала кетсек, өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков буга чейин Бишкек шаарындагы бир катар маданий мекемелердин абалы менен таанышкан. Ал эми, өткөн ишемби күнү 25-майда филармониядагы оңдоп-түзөө иштеринен кабар алып кеткен.

  

                                                        Репортажды даярдаган: Чыңгызхан КОЖОШОВ

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM