Биз менен байланышыңыз

«Батукаевдин иши боюнча комиссия топтогон материалдардын 80 % токтомго кирбей калган»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 459 | 0

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан чыгышына катышы бар 28 адам уюшкан кылмыштуу топко кирет. Себеби, алар биригип алып, кылмыш жасашкан. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Батукаевди чыгаруу боюнча операция уюштурулуп жатканын эки-үч күн мурда билгенбиз. Себеби, ошол учурда операциядан эптеп качып кетүү жолун, токтомго кирбей калуунун амалын издегендер көп болгон. ЖК ошол 28 адамдын жоопкерчилиги боюнча юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде жоопко тартылуусу керек деп токтом кабыл алган. Ал токтомдо чындыктын 20 %ы камтылган. Демек, чындыктын 80% кирбей калды. Себеби, ЖКда түзүлгөн комиссия бири-биринин артын жабуу үчүн компромисттик вариант издеп отуруп, комиссия топтогон материалдардын 80 % ытоктомго кирбей калган», — дейт Калмаматов.

Анын айтымында, эгерде токтомго комиссия топтогон материалдардын баары киргизилгенде, ошол учурдагы КСДП, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин каарынан корккон фракциялар документке кол коймок эмес. ЖКнын токтомуна кирген 28 адамдын кандай иштерди жасаганы 100 % далилденген.

«Ошол кезде бири келип Турсунбек Акунду, бири Аида Салянованы чыгарып койгула дейт. Токтомду тытмалап отуруп, акырында анда 7 пункт калды. Эң өкүнүчтүүсү, ошол учурдагы бийликтин айынан чындыгы жок калган токтом да ишке ашкан жок», — дейт Калмаматов.

Анын баамында, кылмыш иши эки багытта колдонулат. Бири — саясий багытта куугунтук катары козголсо, экинчиси, эртең залакасы тийбесин деп козголгон кылмыш иштери да бар.

«Батукаевдин маселеси баары бир көтөрүлмөк. Башкы прокуратура ирети менен иш козгоп жатат. Бирок камоо Атамбаевге жеткенде, калган адамдар эркиндикте калып калса, анда саясатташкан кылмыш иши болуп калат. Батукев боюнча кылмыш иштин толук кандуу бетинин ачылуусу азыркы бийлик бутактарынын баарына кызыгуу жаратышы керек. Анткени, биз сабак алышыбыз зарыл. Эл да четте турбай, бул иштин акырына чыгууга бийликти мажбурлашы керек. Батукаевдин иши кылымдын кылмышы экенин даана түшүндүм. Себеби, ал мурунтан даярдалып келип, Атамбаевдин убагында ишке ашты. Мындан сырткары, ошол учурда ал иш аягына чыкпай турганына акылым жетип, андай бийликти элдик сот менен соттоп салууга басым жасадым», — дейт экс-депутат.

Калмаматов мындан сырткары, Батукаевдин маселесин 2020-жылкы шайлоого даярдык катары көтөрүп чыкпаганын, мурда жабылып кеткен кылмыш иши кайра Башкы прокуратура тарабынан жандангандыктан, үн катып жатканын билдирди.

«Биз өз убагында бетке айта албагандыктан, Батукаев маселеси эми көтөрүлүп жатат. Эртең президент Сооронбай Жээнбеков кеткенде, дагы сайрап чыгабыз. Азыр эч ким эч нерсе айтпайт. Атамбаев автопилоттук режимге түшүп калганын көрүп, ага өзүн Бакиевдикинен да жаман тагдыр күтүп турганын айтып, кайрылуу жасагам. Бирок биз муну ашкере кылбай, учурдагы адамдар сабак алышыбыз кажет», — дейт Калмаматов.

Эске салсак, мындан алты жыл мурун кримтөбөл Азиз Батукаевге «рак оорусу менен ооруйт» деген диагноз коюлуп, соттун чечими менен абактан эрте бошотулган. Ал ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошол кезде коюлган диагноз бүгүнкү күнгө дал келбей, кримтөбөл учурда тирүү. Мындан улам, аталган маселе кайрадан жанданып, коомчулуктун көңүлүн бурууда.

Copyright © 2017 Maral FM