Биз менен байланышыңыз

Президент үч бийликти биргелешип иштөөгө чакырды

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 823 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда өлкөнүн күн тартибинде турган олуттуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

«Мамлекет башчысы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин жетекчилерин өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөөгө чакырды. Президент актуалдуу маселелердин бири катары соттук-укуктук реформаны жүргүзүүнү атады», — деп айтылат билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын өзгөчө баса белгилегенин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы ошондой эле экономика, соттук-укуктук чөйрөлөрүндө, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун дыкат кароонун жана кабыл алуунун маанилүү экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM